Эртең, 12-июлда “Торугарт-автожол” көзөмөл өткөрүү бекети бир саатка жабылат

Эртең, 12-июлда “Торугарт-автожол” көзөмөл өткөрүү бекети бир саатка жабылат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы билдирди.

 

Бул убакытта өткөрүү пунктунда техникалык иштер жүргүзүлөт.

 

Белгилеп кетсек, “Торугарт” өткөрүү пункту мамлекеттик чек аранын Нарын облусундагы кыргыз-кытай тилкесинде жайгашкан.