Эртең Талас облусунда бир катар ири объектилер ачылат. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, 21-майда облустагы аэропорттун ачылышы болот, ошондой эле Киров суу сактагычындагы Бала-Саруу чакан ГЭСи ишке кирет.
Мындан тышкары, облустук ички иштер башкармалыгынын жаңы имараты пайдаланууга берилет.
Иш-чараларга президент Садыр Жапаровдун катышуусу күтүлүүдө.