Көлбаевге тиешелүү Таластагы аңчылык жерлер мамлекетке кайтарылды

Уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар аңчылык жерлер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү жана маркум Камчы Асанбектин (Көлбаев) жашырылган мүлкүн аныктоого багытталган ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө «Натур Энержи» ЖЧКсынын директору А.у.А. К.Асанбектин жакын адамы Р.Т.К. менен тыгыз мамиледе болгондугу аныкталды.

 

«Аталган компанияга Талас облусунун Айтматов жана Талас райондорунда жайгашкан аңчылык жерлери таандык, алардын жалпы аянты 423 миң 966 гектарды түзөт», — деп айтылат маалыматта.

 

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча жогорудагы аңчылык чарбалар Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин Талас аймактык башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилди жана биоресурстар 4 млн 465 миң 550 сомго бааланды.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.