Кадамжай районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

Кадамжай районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, кечээ нөшөрлүү жаандан улам Майдан айылындагы Чокой, Гараж, Шамбесай, Анипа, Акчечек, Кызыл-Булак сел өткөрүүчү сайларында сел жүрүп, ички чарбалык жолдорду кум шагылга толтурган. Ошондой эле 7 турак үйдүн жертөлөсүнө, 23 бакчага суу кирген.

 

Жеринде 10 куткаруучу табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүдө.