Кадамжайда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

Селден улам Баткен облусунун Кадамжай районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти.

 

Кечээ Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун аймактарында катуу жааган жаандан улам сел жүргөн. Табигый кырсыктан 5 жаштагы бала каза таап, 70 жаштагы дагы бир тургун ооруканага жаткырылды. Мындан тышкары, 1 миңден ашуун тургун коопсуз жайга көчүрүлдү.

 

24-июнда нөшөрлөп жааган жаандан улам Жалал-Абад облусунун Ноокен, Базар-Коргон районундагы үйлөргө да суу кирген. Ошондой эле Таластын Бакай-Ата районунда айыл чарба талаалары зыян тартып, айрым үйлөрдү суу каптады.