Кадамжайдагы селдин кесепетин жоюуга 700дөн ашык адам тартылды

Кадамжайдагы селдин кесепетин жоюуга 700дөн ашык адам тартылды.

 

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Эске салсак, кечээ катуу жамгырдан улам Баткенде сел жүргөн.

 

Натыйжада 1 миңдей тургун коопсуз жайга эвакуацияланган. Суу 50гө чукул турак жайды, социалдык объект, инфраструктураларды каптап зыянга учураткан. Жеринде тазалоо иштери уланууда.