Калк арасында электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү учурлары азаюуда

Калк арасында электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү учурлары азаюуда. Бул тууралуу novosti.kgге Улуттук электр станцияларынан билдиришти. Компаниядан белгилешкендей, соңку 3 сутка ичинде жарыкты керектөө азайганы байкалууда, бул өз кезекгинде тармактарга күч келүү көрсөткүчүн дагы төмөндөттү.

 

Буга карабай, жарандарга электр энергиясын үнөмдүү колдонуп, эртең мененки саат 7ден 10го чейин жана кечки 6дан 9га чейин электр кубатын көп талап кылган приборлорду күйгүзбөө сунушталат.

 

Белгилеп кетсек, катуу суукта өлкөнүн энерго тармагы ашыра күч келүү режиминде иштеди, бул ири аварияларга алып келиши толук мүмкүн.