Кантта үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имараты ачылды

Кантта үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имараты ачылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, курулуш Түрк кызматташтык жана координация боюнча агенттиктин линиясы менен жүргүзүлгөн.

 

Долбоорду ишке ашырууга 115 миң доллар бөлүнгөн. Имаратта дарыгерлердин кабинеттери жана башка зарыл жайлар каралган. Медициналык мекемеде Ысык-Ата районунун тургундары тейленет.