Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чукул билдирүү таратып, айдоочуларды этият болууга чакырды.
Министрликтин маалыматына караганда, 14нөн 17-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат.
Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусу жана Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолунда кар көчкү түшүүcү мүмкүн.
Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Мындан улам, унаалар ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.