Канат Табалдиев Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.
Ошондой эле мамлекет башчы кол койгон башка тескемеге ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Темирболот Абыкеев ээлеген кызматынан бошотулду.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.