Кара-Суу районунда селдин айынан 7,5 миңдей керектөөчү жарыксыз калды

Кара-Суу районунда селдин айынан 7,5 миңдей керектөөчү жарыксыз калды.

 

Ош электр тармактары ишканасынын маалыматына ылайык, сегиз электр тирөөчтү сел агызып кеткен. Кара-Сууда 110 киловаттык Беш-Мойнок көмөк чордонуна суу киргендиктен, Фуркат, Подсобный, Ачы, Коровник фидерлери чыңалуусуз калган.

 

Андан тышкары, Ош шаарындагы сел Ак-Буура дарыясынын боюндагы бир электр мамычасын агызып кеткен. Учурда 26 адамдан турган авариялык топ калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө.