Кара-Суу районунун Нариман айылында бала бакчанын курулушу уланууда.
Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, 120 орундуу мектепке чейинки билим берүү мекемесинин курулушуна каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн.
Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 1 миң чарчы метрден ашат. Учурда курулуш 70 пайызга аяктады.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.