Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылындагы 60 орундуу бала бакчанын курулушу аяктоо алдында турат.
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, бала бакчанын курулушу 2021-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.
Имарат эки кабаттуу, спорттук оюн аянтчасы, суу кампасы, откана көмүр сактоочу жайы менен каралган. Учурда айланасын көрктөндүрүү иштери жүрүүдө.