Кара-Сууда 60 орундуу бала бакчанын курулушу аяктоодо

Ош облусунун Кара-Суу районундагы 60 орундуу бала бакчанын курулушу аяктап калды. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, объект 85 пайызга бүткөрүлдү.

 

Учурда айланасын жашылдандыруу иштери жүрүүдө.

 

Курулушу 2021-жылы башталган бала бакча республикалык казынадан каржыланууда.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.