Кемин районунун кире беришинде жаңы стелла пайда болот

Кемин районунун кире беришинде жаңы стелла пайда болот.

 

Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, стелла Бишкек — Чолпон-Ата трассасында орнотулуп,  Кемин жана Тоң райондорунун ортосундагы чек аранын символу болуп саналат.

 

Совет мезгилинде орнотулган стелланын эски конструкциясы демонтаждалып, жаңысын куруу чечими кабыл алынган. Объектти жаңылоого каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.