Кенияда шахматчы эркек мелдештерде утуу үчүн өзүн аял деп тааныштырып жүргөн

Кенияда шахматчы эркек мелдештерде утуу үчүн өзүн аял деп тааныштырып жүргөн.

 

Ал өзүн жашыруу үчүн хиджаб сыяктуу жабык кийинип келчү. Ал эми шахмат партиялары учурунда эчким менен сүйлөшпөй, суроолорго жазуу түрүндө гана жооп берген.

 

Уюштуруучулар анын эркек экенин басканынан жана бут кийиминен билип коюшту. Андан кийин ал документтерин көрсөтүп, 3 миң 815 доллар утуш үчүн ушундай жолго барганын мойнуна алды.