Кийинки жылы Жалал-Абадда жаңы эл аралык аэропорт курулат

Кийинки жылы Жалал-Абадда жаңы эл аралык аэропорт курулат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.

 

Анын айтымында, буга чейин курулуш үчүн 300 гектарга жакын жер бөлүнгөн. Курулуш боюнча бардык зарыл корутундулар алынган. Долбоор даярдалууда.

 

“Шаардын борборунда жайгашкан азыркы аэропорттун курулушуна келсек, анын келечеги азырынча белгисиз. Мүмкүн бул объект бузулуп, ордуна жаңы кичирайон курулат”, — деди Самидинов.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.