ККМ боюнча элге түшүндүрмө бербегени үчүн Нарындын мэри айыпка жыгылды

Нарын шаарынын мэри жана шаардык салык кызматынын башчысы жоопкерчиликке тартылды.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аларды жоопко тартууга элге ККМ аппараттары боюнча жеткиликтүү түшүндүрмө бербегени себеп болгон.

Мындан улам Нарын облустук прокуратурасы «Укук бузуулар жөнүндө» кодекстин 435-беренесине (кызмат адамдарынын ченемдик-укуктук актылардын талаптарын бузуусу) таянып, 10 миң сомдон айып салган.