ӨКМ туруксуз аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги туруксуз аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, бүгүн жана эртең өлкөдө нөшөрлүү жаан-чачын күтүлүүдө.

 

Буга байланыштуу Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

 

Селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу өтүүчү түтүктөрдү жана дренаждык түйүндөрдү ар кандай таштандылардан тазалоо сунушталат.