«Комсомол» көлүнө скважинадан таза суу толтурулуп жатат

Бишкектеги Каражыгач токоюндагы «Комсомол» көлүнө суу толтурулууда. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

 

«Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери көлдүн түбүн механикалаштырылган жана кол менен тазалоо, ошондой эле учурдагы скважиналарды, канализация системасын калыбына келтирүү иштерин жүргүзүштү.

 

Учурда көлдүн айланасындагы тротуарларды асфальттоо иштери да жасалууда.

Мэриянын маалыматына караганда, «Комсомол» жасалма көл жана өзүн-өзү тазалоо системасы жок. Акыркы жылдары көлдү толтуруу үчүн суу Чоң Чүй каналынан алынып келген. Быйыл скважинадан таза суу толтурулуп жатат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.