“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында жарым жылда айдоочуларга жарым миллиард сомго айып салынды

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында жарым жылда айдоочуларга жарым миллиард сомго айып салынды.

 

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, 6 айда 686 миңден ашык протокол түзүлүп, 438 миллион сомго айып жазылды.

 

Анын 165 миллион 733 миң сомун эреже бузган айдоочулар төлөдү. Андан тышкары, “АвтоУраган” комплексинин жардамы менен 13 миң бузуу фактысы катталып, мамлекеттик бюджет 12,5 миллион сомго толукталды.