Кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү милдеттүү камсыздандыруу системасын киргизүү сунушталууда

Кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү милдеттүү камсыздандыруу системасын киргизүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы коомдук талкууга чыгарды.

 

Анда жарандарды милдеттүү камсыздандыруу полистерин сатып алууга түрткү берүүчү кыйыр механизмдерди колдонуу зарылдыгы белгиленген.

 

Тактап айтканда, кыймылсыз мүлктү каттоо, күрөөгө коюу үчүн камсыздандыруу полисин талап кылуу каралууда. Өлкөдө 7 миллион 600 миңден ашык турак жай бар. Бийлик анын жок дегенде  60 пайызын камсыздандырууну максат кылууда.