Кыргыз-кытай чек арасында “Бедел” көзөмөл-өткөрүү түйүнү ачылат

Кыргыз-кытай чек арасында “Бедел” көзөмөл-өткөрүү түйүнү ачылат.

 

Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Документ Жогорку Кеңеште 26-июнда кабыл алынган.

 

Ага ылайык, “Бедел” пункту өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатууга, товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө жана эки өлкө ортосундагы соода мамилелерин өнүктүрүүгө багытталат. Буга чейин маалым болгондой, аталган өткөрмө бекетин ачууга 77 миллион 800 мин сом керектелет.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.