Кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиясынын жыйынында бир катар документтерге кол коюлду

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынынын жыйынтыгында өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.
Отурумдун жыйынтыгында кол коюлган документтер:

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 24-жыйынынын протоколу;

Кыргызстандын министрлер кабинети менен Россия өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстанда орус тилинде билим берүүчү биргелешкен билим берүү уюмдарын куруу, түзүү жана эксплуатациялоо шарттары жөнүндө макулдашуу;

2015-жылдын 31-мартында кол коюлган Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуунун алкагында Кыргызстанда техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;

Кыргызстан менен Россиянын Финансы министрликтеринин ортосундагы Кыргызстан ишке ашырып жаткан салыктык администрациясын колдоо үчүн Россия тараптан Кыргызстанга акысыз техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу;

Кыргызстан менен Россиянын Финансы министрликтеринин ортосундагы РФ тарабынан КРдин Финансы министрлигине мамлекеттик финансыны башкаруу тармагында илимий-методикалык колдоо жана техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу;

Кыргызстандын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы менен Мамлекеттик каттоо, кадастр жана картография боюнча федералдык кызматынын (Росреестр) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;

«Бишкек Солар» жоопкерчилиги чектелген коому, «Юнигрин Энержи» компаниялар тобу жана «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун ортосунда электр энергиясын жеткирүү боюнча узак мөөнөттүү келишим.