Кыргыз-тажик чек арасынын 94% тилкеси такталды

Кыргыз-тажик чек арасынын 94% тилкеси такталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Министрлер кабинетинин чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев билдирди.

 

Анын айтымында, чечиле элек 6% тилкелер Баткен районунун аймагындагы “татаал жерлер”.

 

“11-17-августта эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн жумушчу топторунун жолугушуусу өтөт. Биз калган жерлерди да тактаганга аракет кылабыз”, — деди Бөрүбаев.

 

Эске салсак, эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.