Өзбекстандын Кыргызстан менен чек арасындагы эки бажы посту 24/7 режимине өттү. Бул тууралуу LogiStan Өзбекстандын бажы кызматына таянуу менен билдирди.
Фергана облусундагы “Фергана” жана Шахимардан анклавынын кире беришиндеги “Ок-Кыя” бажы посттору күнү-түнү тыныгуусуз жана дем алышсыз иштей баштады.
Бажы постторун 24/7 режимине өткөрүү Өзбекстан менен Кыргызстандын президенттеринин жакында болгон жолугушуусунда жетишилген макулдашуулардын алкагында ишке ашты, деп белгилейт басылма.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.