“Кыргызалтындын” активдери 95 млрд 650 млн сомдон ашты

“Кыргызалтындын” активдери 95 млрд 650 млн сомдон ашты. Бул тууралуу ишкананын төрагасынын орун басары Нарынбек Сатыбалдиев билдирди. Анын айтымында, ушул жылдын 6 айында “Кыргызалтындын” активдери 6 млрд 297 млн 396 миң 800 сомго өстү.

 

“Жарым жылдын ичинде күтүлгөн план боюнча 40 млрд 884 млн 769 миң сом болсо, ишкананын кирешеси 53 млрд 270 млн 761 миң сомду түздү, тактап айтканда, кирешенин өсүшү кошумча 12 млрд 385 млн 991 миң сом сомго жетти”, — деди ал.

 

Нарынбек Сатыбалдиев белгилегендей, биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча “Кыргызалтындын” таза кирешеси болжолдонгон план боюнча 2 млрд 929 млн 304 миң сом болсо, учурда 3 млрд 459 млн 569 миң сомду түздү. Буга кошумча дагы 530 млн 264 миң сом киреше алынды.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.