Кыргызстан CASA-1000 энергетикалык долбооруна дагы эки насыя алат

Кыргызстан CASA-1000 энергетикалык долбооруна дагы эки насыя алат. Президент Садыр Жапаров тиешелүү макулдашууга кол койду. Ага ылайык, Ислам өнүктүрүү банкы 13 миллион доллар бөлүп берет.

 

Каражат 25 жылга 1,5 үстөк пайызы менен берилет. Андан тышкары, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 18 миллион 300 миң доллар 50 жылга алынат.

 

Эске салсак, CASA-1000 долбоорунун алкагында жайкысын электр энергиясы Пакистан жана Афганистанга экспорттолот. Буга чейин Кыргызстан аны ишке

ашырууга жалпысынан 180 миллион доллар алган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.