Кыргызстан мектептерин быйыл 69 миңдей окуучу аяктайт. Бул тууралуу мектептеги билим берүү саясаты башкармалыгынын жетекчиси Марат Үсөналиев билдирди.
Анын айтымында, 9-классты бүтүрүп жаткандардын саны 115 миңден ашат. Эске салсак, өткөн жылы 11-классты 67 миң окуучу аяктаса, 9-класстын бүтүрүүчүлөрү 106 миңге жеткен.