Кыргызстан мектептеринде мамлекеттик экзамендер бүгүн башталды.
Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, жыйынтыктоочу аттестация 9-11-класстын окуучулары үчүн 4 предмет боюнча жүргүзүлөт – алгебра, эне тили, орус тили жана Кыргызстан тарыхы боюнча.
Экзамендер 15-июнда жыйынтыкталат.