Кыргызстан тоңдурулган этти киргизүүгө жеңилдиктерди алды

Кыргызстан тоңдурулган этти киргизүүгө жеңилдиктерди алды. Айыл-чарба министрлигинин маалыматына ылайык, тиешелүү чечимди Евразиялык экономикалык комиссия кабыл алды.

 

Эми республикага бажы пошлинасы жок 2,5 миң тоннага чейин тоңдурулган уй этин алып кирсе болот.

 

Тарифтик жеңилдиктер ушул жылдын 31-декабрына чейин берилди. Белгилеп кетсек, кеп  кайра иштетүү өндүрүшүндө колдонулуучу эт тууралуу болуп жатат.