Кыргызстанда 13 жаңы айыл пайда болушу мүмкүн.
Тиешелүү мыйзам долбоорун Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттик коомдук талкууга чыгарды. Анда Баткенде 4, Ошто 7 жана Чүй, Ысык-Көл облустарында бирден калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү каралган. Конуштарга айыл макамын берүү аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн инвестицияларды тартууга, ар кандай долбоорлор менен кызматташууга түрткү болот.
Бул максатта 4 миллион сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнөт.