Кыргызстанда 150 миң турак жай камсыздандырылды

Кыргызстанда 150 миң турак жай камсыздандырылды. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Бактыгул Абдыжалиев билдирди.

 

Анын айтымында, турак жайларды камсыздандыруу боюнча биринчи орунда Жалал-Абад облусу, андан кийин Ош, Талас, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустары турса, Чүй менен Бишкек активдүүлүгү жагынан эң төмөнкү көрсөткүчтү көрсөтүүдө.

 

Абдыжалиев кыймылсыз мүлктү камсыздандыруу калктын коопсуздугун жана табигый кырсыктардын кесепеттерине туруктуулугун камсыз кылуу үчүн зарыл чара болуп саналарын белгиледи.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.