Кыргызстанда 6 жаңы мал базар курулууда

Кыргызстанда 6 жаңы мал базар курулууда. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, объектилер Кочкор, Лейлек, Ноокат, Сокулук жана Кадамжай райондорунда жайгашат.

 

Соода аймактары жакынкы арада колдонууга берилет деп күтүлүүдө.

 

Ведомстводон эске салышкандай, бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда 44 мал базар бар. Алардын ичинен 15и гана ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берет. Калган базарларда тиешелүү нормаларга ылайык келтирүү иштери жүрүп жатат.