Кыргызстанда акыркы жумада 320дай мас айдоочу аныкталды

Кыргызстанда акыркы жумада 320дай мас айдоочу аныкталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 2-июндан 9-июнга чейин 22 миң 226 жол эрежесин бузуу фактысы катталды.

 

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 мин 700дөн ашык унаа айып короо жайына токтотулду.