Кыргызстанда Аталар күнү майрамдалат. Жогорку Кеңеш тиешелүү мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда жактырды.
Ага ылайык, Аталар күнүн 15-мартта майрамдоо сунушталат. Бирок бул күнү эс алуу жарыяланбайт.
Мыйзам долбоору үй-бүлөдө жана коомдо аталардын ролун таанууга жана колдоого, үй-бүлөнү бекемдөөгө жана эркектердин жоопкерчилигин жогорулатууга багытталат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg телеграмм каналынан тааныша аласыздар.