Кыргызстанда бүгүнкү күндө жумуш орундарынын дефицити жок

Кыргызстанда бүгүнкү күндө жумуш орундарынын дефицити жок. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев жарыялады.

 

Ал белгилегендей, тескерисинче, жогорку квалификациялуу жумушчулар жетишпейт. Учурда министрликке ишканалар кайрылып, чет элдик адистерди тартууга квоталардын санын көбөйтүүнү суранып жатат. Бирок мамлекет биринчи кезекте кыргызстандык жарандарды ишке орноштурууга кызыктар, — деди Базарбаев.