Кыргызстанда беш айда 30 миң 326 жаранга пенсия дайындалды

2024-жылдын январь-май айларында 30 миң 326 жаранга пенсия дайындалып чектелди. Бул тууралуу Социалдык фонддон маалымдашты.

 

Маалыматка ылайык, анын ичинде май айында 5 миң 114 жаранга пенсия чектелди, андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1 миң 284 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.