Кыргызстанда браконьерлерге жаза күчөтүлдү

Кыргызстанда браконьерлерге жаза күчөтүлдү.

 

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине келтирилген зыян үчүн айып жогорулатылганын билдирди.

 

Ага ылайык, ак илбирсти аткардарга 2 миллион сом айып салынат, буга чейин айыптын көлөмү 1,5 миллион болчу. Аркар, күрөң аюу, марал, бугу, жейренди аткандарга айып 1 миллиондон 1,5 миллион сомго көбөйтүлдү.  Ал эми эликти аткандар 100 миң сом төлөөгө аргасыз болот.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.