Кыргызстанда дээрлик 500 миң акылдуу эсептегич орнотулду

Кыргызстанда дээрлик 500 миң акылдуу эсептегич орнотулду. Бул тууралуу Novosti.kgге “Улуттук электр тармактары” ишканасынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, аппараттар келерки жылдын аягына чейин бүт өлкө боюнча пайда болот.

 

Приборлор электр энергиясын керектөөнү так жана убагында эсепке алууну камсыздайт, бул өз кезегинде тармактардагы жоготууларды азайтып, электр менен камсыздоонун сапатын жакшыртат.