Кыргызстанда эң ири текстиль фабрикасы июль айында ачылат

Кыргызстанда эң ири текстиль фабрикасы июль айында ачылат.

 

Өкмөттөн маалым болгондой, ишкана Түркия менен биргеликте түзүлөт. Анын алкагында миңдеген жаңы жумуш орундары пайда болуп, экспорттук потенциал бекемделет деп күтүлүүдө.

 

Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы фабриканын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 80 тоннаны түзөт. Бул Кыргызстандагы кездеме чыгарган эң ири ишкана болот.