Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 1-январдан 7сине чейин курч респиратордук инфекциялар жана сасык тумоо менен ооруган 8 миңден бир аз ашык учур катталган. Бул мурунку жумага салыштырмалуу 40 пайызга аз.

 

Ооругандардын көбү 14 жашка чейинки балдар. Кырдаалга мониторинг уланууда.

 

Дарыгерлер балдарда вирустун белгилери байкалса, аларды мектепке жана бала бакчага жибербөө керектигин белгилешүүдө. Туура медициналык жардам алуу үчүн адистерге кайрылуу сунушталат.