Кыргызстанда лом экспорттоого тыюу салынды

Кыргызстанда кайра эритүү үчүн кара металлдын сыныктарын, калдыктарын жана кара металл куймаларын экспорттоого убактылуу чектөө киргизилди. Токтомго өкмөт башчы Акылбек Жапаров кол койду.

 

Чектөөлөр алты ай бою күчүндө болот. Ага ылайык, Экономика министрлиги, Тышкы иштер министрлиги жана Бажы кызматы чечимди ишке ашырууга багытталган чараларды көрүшү керек.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.