Кыргызстанда макулатураны Евразиялык экономикалык бирикменин алкагынан чыгарууга тыюу салуу сунушталды

Кыргызстанда макулатураны Евразиялык экономикалык бирикменин алкагынан чыгарууга тыюу салуу сунушталды. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, ата-мекендик кагаз иштетүү боюнча ишканаларда сырье жетишсиз болууда.

 

Жыйынтыгында, миңдеген жумушчулары бар компаниялар жабылып, бюджет салык төлөмдөрү жок калышы мүмкүн. Документ коомдук талкууга чыгарылды.