Кыргызстанда “Мекен-карт” макамы 118 кишиге берилди

Кыргызстанда “Мекен-карт” макамы 118 кишиге берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди.

 

“Мекен-карт” макамы 2023-жылдын март айынан баштап бериле баштаган. Аны алган жарандар Кыргызстанга эркин кирип-чыгат жана визадан бошотулат. Бүгүнкү күнгө карата 169 жаран тапшырып, анын ичинен 118и алышты. Макам 10 жылга чейин жарактуу болот.