Кыргызстанда насыянын көлөмү жаңы рекорд койду

Кыргызстанда насыянын көлөмү жаңы рекорд койду. Майдын соңуна карата өлкө банктарындагы насыянын көлөмү 275 миллиард 748,6 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.

 

Бул — рекорддук көрсөткүч. Мурдагысы 268,9 миллиард сом болуп апрелдин аягында катталган. Эгер жыл аягындагы маалыматтар менен салыштыра турган болсок, өсүш дээрлик 18 миллиард сомду түздү.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.