Кыргызстанда оң рулдуу автоунааларга мунапыс берүү пландалууда

Кыргызстанда оң рулдуу автоунааларга мунапыс берүү пландалууда. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов билдиргендей, Казакстандын тажрыйбасына таянып, импорттук унааларды мыйзамдаштыруу каралууда.

 

Бирок бул бир жолку гана акция болот, — деди Исраилов.

 

Бул үчүн министрлер кабинетинин башчысынын буйругу менен жумушчу комиссия түзүлдү. Кыргызстанда 1,2 миллиондон ашык унаа бар. Анын 200 миңге жакыны оң рулдуу. Эске салсак, буга чейин Казакстанда 20 миң оң рулдуу унаа мыйзамдаштырыла тургандыгы айтылган.