Кыргызстанда учурда мамлекеттик ипотеканын алкагында 11 миң 300 батир курулуп жатат

Кыргызстанда учурда мамлекеттик ипотеканын алкагында 11 миң 300 батир курулуп жатат.

 

Алар Бишкек, Жалал-Абад, Нарын жана Караколдо жайгашат, — деп билдирди Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчисинин орун басары Тилек Жээмбаев.

 

Анын айтымында, алардын жалпы аянты 700 миң чарчы метрден ашып, жалпы баасы 36 миллиард сомду түзөт. Уюм ипотекалык насыя берүүгө эмес, жаңы турак-жайларды курууга басым жасоодо. Эске салсак, күзгө чейин компания 1 миңдей батирди колдонууга берүүнү пландап жатат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.