Уюлдук телефондорду ыктыярдуу каттоонун мөөнөтү узартылды

Кыргызстанда уюлдук телефондорду ыктыярдуу каттоонун мөөнөтү 15-августка чейин узартылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

 

Маалыматта буга чейинки милдеттүү каттоодон өтпөгөн уюлдук операторлордун абоненттерине эч кандай чектөө болбой турганы айтылат.

 

Эске салсак, өлкөдө уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоо 25-июндан тарта башталган. Мындай чара рынокту жасалма телефондордон коргоо, аппараттардын уурдалышын жана телефон алдамчылыгын азайтуу максатында жүргүзүлүп жатканы кабарланган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.