Кыргызстанда Улуттук инвестициялык фонд түзүлдү

Кыргызстанда Улуттук инвестициялык фонд түзүлдү. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 27-июнда кабыл алынган.

 

Максаты — мамлекеттик үлүшү бар ишканалардын ишин жакшыртып, эл аралык рынокко чыгарып, инвестиция тартуу. Мыйзам фонддун укуктук статусун, анын ишин жөнгө салуунун тартибин аныктайт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.